Марал Радиосу

Быйыл жаңы конуштардагы 15 көчө оңдолот

Бул жылы жаңы конуштардагы 15 көчөгө шагыл төгүү иштери каралган. Бул тууралуу Бишкектин Ленин районунун акиминин орун басары Алтынбек Маматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оңдолуучу жолдордун жалпы узундугу — 10 чакырым. Алар: «Ак-Ордо», «Ак-Өргө», «Арча-Бешик» конушунун көчөлөрү.

«Арча-Бешикте» Абдрахманов, Шералиев көчөлөрү Чортеков көчөсүнө чейин, Сары-Булуң, Жайыл баатыр көчөлөрү Күйүков көчөсүнө чейин оңдолот. Ошондо «Арча-Бешик» конушунда 6 көчөнү оңдоо каралган», — деди ал.