Биз менен байланышыңыз

ӨКМде гумжардамды абадан ташуу мүмкүнчүлүгү жок

Кыска кабар , Пикирлер | 4 мая 2021 | 791 | 1

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде гумжардамдарды аба аркылуу ташуу мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу аталган министрликтин оорук башкармалыгынын башчысы Алтын Абылаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал кагылыш чыккан күнү Лейлек районуна гумжардам жеткирүү үзгүлтүккө учураганын тастыктап, мындай учурлар үчүн мекемеде тик учактар жок экенин айтты.

«Жол жабылып, Лейлек районундагы айыл аймактарга жардам жетпей калган учур болду. Анда министр: «Айланма жолдор менен жеткиргиле», — деген тапшырма берди. 3 оор жүк ташуучу техникабыз ишке тартылып, гумжардам жерине жеткирилди. Учурда бизде абадан жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Бирок Коргоо министрлигинин, Башкы штабдын учактары учуп атты. Муктаждык жаралса, алар менен биргелешип жеткире алабыз. Эртеси эле жол ачылып калгандыктан, тик учакка муктаждык жаралган жок», — деди ал.

1 пикир

1 пикир

  1. Зыягул

    04.05.2021 11:09

    Ишиниздерге ийгилик

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM