Марал Радиосу

АКШнын Москвадагы элчилиги виза берүүнү токтотот

MOSCOW, RUSSIA - JULY 31: View of the building of the US Embassy is seen as it was suspended to use by Russian government after the U.S. Senate approved on Thursday new sanctions against Russia, Iran, and North Korea, on July 31, 2017 in Moscow, Russia. (Photo by Nikita Shvetsov/Anadolu Agency/Getty Images)

АКШнын Москвадагы элчилиги 12-майдан тарта дипломатиялык визалардан тышкары иммиграциялык виза берүүнү токтотот.

«12-майдан тарта АКШнын Москвадагы элчилиги консулдук кызматтардын санын кыскартып, АКШ жарандарына гана шашылыш кызматтарды көрсөтөт жана алардын мөөнөтү бүткөндө иммиграциялык визалардын чектелген санын берет», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин, 23-апрелде Орусия өкмөтү АКШ жарандарын жумушка алууга тыюу салынганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганын билдирген.

Элчиликтердеги консулдук кызматтар АКШ жарандары үчүн шашылыш кызматтарга жана иммиграциялык визалардын чектелген санына чейин кыскарат.

Ошондой эле элчилик Орусияда жүргөн АКШ жарандарына, эгер Орусиянын визасынын мөөнөтү бүтсө, 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө кеңеш берет.

Өткөн жумада Владимир Путин элчиликтерде иштөөгө Орусиянын жарандарын тартууну чектеген «Достук эмес өлкөлөрдүн тизмесин түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Путиндин жарлыгына ылайык, элчиликтердеги чиновниктер белгилеген чектен ашканда кызматтан алынышы керек.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШ бул тизмеге кирерин эскерткен. Натыйжада АКШ элчилиги өз кызматкерлерин 75 пайызга кыскартууга аргасыз болгон.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШ элчилигинин иммиграциялык эмес виза бербөө чечими дээрлик эч нерсени өзгөртпөй турганын айтып, аларды алууда кыйынчылыктардын келип чыгышынын башкы себеби Кошмо Штаттардын достук эмес иш-аракеттери болгонун белгиледи.