Марал Радиосу

Баткен: Кооптуу жайлардан 44 миң 651 адам көчүрүлгөн, анын 27 миң 136сы балдар

Баткендин кооптуу жерлеринен жалпы 44 миң 651 адам көчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Кара-Бак, Самаркандек жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн жалпысынан 44 миң 651 адам эвакуацияланган. Алардын ичинен 27 миң 136сы балдар.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 35и набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара тозоту, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

1-майда эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштери аяктады.