Марал Радиосу

Баткен: Чек арадагы чырда каза болгондор 35ке жетти

Баткен жана Лейлек районундагы чек арадагы чырдан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны 3-май саат 11:45ке карата 35ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги «Маралга» тастыктады.

Маалыматка ылайык, каза болгон бейтап 54 жаштагы Максат айылынын тургуну экендиги айтылды.

Бүгүн, 3-майдагы таңкы маалыматка ылайык, жалпы жабырлануучулардын саны 183 адамга жетип, 35 киши курман болду. Учурда 98 бейтап Бишкек жана Баткен облусунун ооруканаларында дарылануусун улантууда.

Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Кара-Бак, Самаркандек жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн жалпысынан 44 миң 651 адам эвакуацияланган. Алардын ичинде 27 миң 136сы балдар.