Марал Радиосу

Дүйшөмбүдөгү жарылууда 15тей адам жабыркаган

1-май күнү кечинде Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында май куюучу жайда жарылуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, май куюучу жай Зарафшон кичи районунда жайгашкан. Жарылууда жабыркагандар жана жаракат алгандар бар, бирок алардын саны белгисиз.

РИА Новости маалымат агенттигинин жазганына караганда, кырсыктан 15 адам күйүк жана башка жаракат алган.