Марал Радиосу

Баткендеги кооптуу аймактардан 16 миң 34 кыргызстандык көчүрүлгөн

Расмий маалыматка ылайык, Баткендеги кооптуу аймактардан 16 миң 34 кыргызстандык көчүрүлгөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, Баткен районунун Көк-Таш айылынан 173 адам ар кандай жараатт алган.

Лейлек районунан жалпы 159 адам, анын ичинен 58 аял, 101 бала көчүрүлгөн. Ал эми 8 миң 647 адам тууган-жакындарынын үйлөрүнө барышкан. Баткен районунан 1 миң 409 жаран, анын ичинен 6 эркек, 427 аял, 996 балдар көчүрүлгөн.

Көчүрүү иштерине ӨКМден 13 атайын техника, 165 кызматкер, 60 спринтер, 35 кызматкери менен 13 тез жардам тартылган.