Марал Радиосу

Human Rights Watch Кыргызстан менен Тажикстанды жай тургундардын өлүмүн тыкыр иликтөөгө чакырды

Адам укуктарын коргогон эл аралык Human Rights Watch Кыргызстан менен Тажикстанды жай тургундардын өлүмүн, жабыркагандар боюнча тыкыр иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартууга чакырды.

Ошондой эле укук коргоочулар эки тарапты тең адам укуктарын коргоого шарт түзүп берүүсүн сунуштаган.

Human Rights Watch белгилегендей, чек арадагы чыр учурунда аскердик мыйзам боюнча аскерий жана жарандык объектерди өз алдынча кароо зарыл жана мектеп, турак үйлөр аскердик максатта колдонулбашы керек.

Мындан сырткары, Human Rights Watch Кыргызстан менен  Тажикстан бийлигин ок атышууда болгон кылмыштардын бетин ачууга жарандарына көмөкчү болушу керектигин да белгилеп өткөн.

Exit mobile version