Марал Радиосу

Айдарбеков: Биз келтирилген чыгымдын ордун толтурууну талап кылышыбыз керек

Кыргызстан чек арадагы ок атуудан улам келтирилген чыгымдын ордун толтурууну (репарацияны) талап кылышы керек. Мындай пикирин мурдагы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков фейсбуктагы баракчасына жазды.

Төмөндө анын кайрылуусу толугу менен:

Репарация деген бул- эл аралык укук. Башка субъектиге карата эл аралык укук бузуунун натыйжасында келтирилген зыянды, жоготууну калыбына келтирүүнүн материалдык жоопкерчилигинин бир түрү.

2021-жылдын 29-апрелинде эмне болду? Кыргызстандын союздаш, достукта жашаган элине каршы тажик тараптан жасалган аскердик агрессия болду.

Тажик тарап Кыргызстандын тынч жашаган жарандарына заманбап, оор аскердик техниканын түрлөрү (минометтер, пулемёт, аскердик тик учак) менен бир тараптуу кол салды. Натыйжада, көптөгөн жарандар курман болду, алардын арасында күнөөсүз жаш балдар да бар. Канчалаган үйлөр өрттөнүп, сүрдүрүлүп, жада калса айылдар толугу менен күйүп, социалдык объектилер талкаланган.

Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка жана эл аралык уюмдарга (БУУ, ЕККУ, ЖККУ) агрессорлорду жоопко тартууга жана ордун толтурууну талап кылып жардам сурап кайрылууга толук укуктуу.

Андан тышкары, Шанхай Кызматташтык Уюмунун негиздеринин бири — чек ара аймагында ишенимди бекемдөө чаралары жөнүндө келишим бар. Сыртынан караганда, ишенимди бекемдөө чаралары жоктой.

Тажик-ооган чек арасын коргоого берилген аскердик-техникалар чындыгында эле өз максатына жумшалып жатабы же агрессия үчүн колдонулуп жатабы, аны аныкташ керек.

1. Бардык фактыларды топтоп, аларды системалаштыруу келтирилген чыгымдын ордун толтуруу маселесин чечүү үчүн маанилүү. (жарандардын бузулган үйлөрүн, өртөлгөн май куюучу жайларды, кафелерди жана башка объектилерди калыбына келтирүү, жабыр тарткан үй-бүлөлөргө компенсация төлөөдө)

2. Бул маселени эл аралык деңгээлде профессионалдуулук менен коргоо үчүн күчтүү эл аралык юристтердин тобун түзүү зарыл.

3. Кыргызстан менен Тажикстан боордош элдеринин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө зарыл. Биз кылымдардан бери келе жаткан бир тууган элдербиз.  Дал ушул Кыргызстан Тажикстан элинин ич ара чыр-чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салууда, коңшу аймактын басып кирүүсүнө жол бербөөдө жана тирешүүнүн андан ары күчөп кетпешинде маанилүү ролду ойногон. Ошол жылдары Кыргызстан мидеген тажик боордошторду үйлөрүнө алып, баш калкалатып, аларга жардам берди.

Жакшылыкты ар дайым жакшылык менен кайтаруу керек, эч ким жалпы адамзаттык принциптерди жокко чыгарган жок.