Марал Радиосу

УКМК: Арка айылындагы үйлөргө тажик аскерлери ок чыгарып жатышат

Бүгүн, 1-май саат 12.45ге карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыңалуу бар. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Баткен облусунун Лейлек районунун Арка жерлигинде тажик аскер кызматчылары Кыргызстандын жарандарнын  турак жайларына карата ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган.

Чек ара кызматынын чек ара тарамдары коргонуу позицияларын ээлешти.

Exit mobile version