Марал Радиосу

Баткен: Чек арадагы чырда каза болгондор 33кө жетти

Баткен жана Лейлек районундагы чек арадагы чырдан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны саат 12:00гө карата 33кө жетти. Бул тууралуу Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбеков «Маралга» билдирди.

Учурда жалпы 165 жабырлануучу катталган. Анын ичинде каза болгондордун саны 33, Бишкек шаарында 50 жаран дарыланууда.  Жабыркагандардын ичинен 10 адамдын абалы оор, калгандарынын абалы туруктуу деп бааланууда.