Марал Радиосу

Чек ара: Тажикстан Төрт-Көчө жолун жапты

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен жериндеги Төрт-Көчө жолу тажик тараптан жабылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, чек арадагы абал курч деп баалануда. Кыргыз-тажик чек арасына Тажикстан өзүнүн аскердик техникаларын алып бара жатканы да маалым болду.