Марал Радиосу

Премьер-министр Марипов чек-арадагы абал тууралуу жабык жыйын өткөрдү

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды мындан ары жөнгө салуу үчүн тиешелүү кызматтар менен жабык жыйын өткөрдү.

Ал учурдагы кырдаал жөнүндө кабардар экенин белгиледи.

Марипов эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча жетишилген макулдашууларга байланыштуу, Бишкек шаарына учуп кеткенин билдирди.