Марал Радиосу

Жээнбеков: Элдин кайгысы менен өз атын чыгара турган учур эмес

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал мамлекет жетекчилигин, чек арачыларды, күч органдарын Баткендеги мекендештердин аракетин жапырт колдоого чакырды. Жээнбеков элдин кайгысынын арты менен өз атын чыгара турган мезгил эмес экенин айтты.

«Азыр баарыбыздын жүрөгүбүз Баткенибизде болуп, андагы окуялардан улам канталап турат. Кайтыш болгон мекендештерибиздин бейишин тилейбиз. Алардын жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жараат алган мекендештерибиз тезинен сакайып, айыгып кетсин. Азыр чагымчылдыкка алдырбай, биримдикти баарынан жогору коё турган учур болуп турат. Чыр-чатакка эмне себеп болгонун иликтегенге убакыт болот. Азыр элди козутпайлы. Биздин жарандык негизги колдообуз — мына ушул. Жараткан Кудай элибизге амандык, жерибизге тынчтык берсин!», — дейт Жээнбеков.

Кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелде башталган жаңжал курч бойдон калууда. Учурда Лейлек районундагы аймактарда абал оор.