Абдишүкүр ажы Нарматов кыргыз-тажик элин ынтымакка чакырды. Бир дарыядан суу ичип, бир абадан дем алып жатабыз деген пикирин айткан ажы буга чейин эки эл ынтымакта жашаганын айтты.
Абдишүкүр ажы өзү Достук айылынан экенин, өзүнүн айылында да ок атуулар болуп жатканын белгилеп өттү.