Марал Радиосу

Президент чек ара чатагында каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларда курман болгондордун жакындарына, үй-бүлөсүнө, туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Азыр жалпы өлкө Баткен облусунда чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт», — деди Садыр Жапаров.

Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы ок атышуудан азыркы учурга карата 134 кыргызстандык жабыркап, 13 адам каза болду. 25 адам атайын учак менен Бишкек шаарындагы ооруканаларга которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.