Марал Радиосу

Чек арадагы чырдан бир кыргызстандык каза болду

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдеги саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда бир кыргызстандык каза тапты.

Баткен облустук ооруканасына жарадар болгон 5 адамды алып келишкен. Дагы бир киши Лейлектеги ооруканага түштү.

Жалпы жарадар болгондордун саны 17 адамга жетти.