Марал Радиосу

Баткен: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардам берүүгө даяр

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы абал кооптуу бойдон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан жалпы 16 куткаруучу чыр чыккан жердеги жарандарга тиешелүү жардам берүүгө 100 пайызга даяр.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.