Марал Радиосу

Акылбек Мазарипов Өзгөчө кырдаалдар министрине орун басар болду

Акылбек Мазарипов Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымакта ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Мазарипов Акылбек Абдувалиевич 1968-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн башчысы болуп эмгектенген.