Марал Радиосу

Депутаттар 7-майга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

Жогорку Кеңештин  депутаттары ушул жылдын  3-7 майында региондордо шайлоочулар менен иштешет.  Мындай чечим  28-апрелде парламенттин кеңешмесинде кабыл алынды.

Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен Жогорку Кеңештин  тиешелүү токтому кабыл алынды.

Ошондой эле депутаттар бүгүнкү жыйында Кыргызстандагы азык-түлүктүн баасынын кымбатташы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун маалыматын угушту.

Депутаттар өкмөттүн алып барып жаткан иштерин сынга алышууда.

Exit mobile version