Жогорку Кеңештин депутаттары ушул жылдын 3-7 майында региондордо шайлоочулар менен иштешет. Мындай чечим 28-апрелде парламенттин кеңешмесинде кабыл алынды.
Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Ошондой эле депутаттар бүгүнкү жыйында Кыргызстандагы азык-түлүктүн баасынын кымбатташы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун маалыматын угушту.
Депутаттар өкмөттүн алып барып жаткан иштерин сынга алышууда.