Марал Радиосу

Бүгүн Бишкекте миң баштык азык-түлүк таратылат

Бүгүн, 28-апрелде Түрк эл аралык кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) «Кыргызстанда ыйык Орозо айына карата азык-түлүк колдоосун көрсөтүү» долбоорунун алкагында муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Азык-түлүк берүү Жибек Жолу, 348 дарегинде жайгашкан Биринчи Май райондук акимиатында өтөт. Анда ТИКА тарабынан миң баштык азык камдалганы маалым болду.

Долбоордун алкагында жалпысынан 3 миң баштык азык-түлүк даярдалган. Алар Кызыл Ай коомунун Кыргызстандагы кеңсеси жана башка коомдук фонддор менен биргеликте таратылууда.

Соопчулук иштер Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу астында жүргүзүлүүдө.