Марал Радиосу

COVID-19: Үч адам каза болуп, 322 учур жаңы катталды

Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус дагы 322 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалым болгондой, Бишкекте – 227, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 243 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 419 бейтап, амбулатордук түрдө 1 939 адам дарыланууда. Алардын ичинен 998 бейтаптын абалы орто оордукта, 338 адамдын абалы оор жана 68 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 417 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 332 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 658 киши айыгып чыкса, 1 миң 592 адам каза болду.