Эгемендик жылдарга чейин Кыргызстандын айыл чарбасы Борбор Азия боюнча алдыңкы орунда болгон. Ал кезде өлкө калкын зарыл болгон бардык азык-түлүк менен толук кандуу камсыз кыла алган. Ал тургай, СССР аймагына экспорттоого да ашып турган. Бүгүн күндө баарына белгилүү болгондой, өлкөнүн айыл чарба тармагынын абалы анча жакшы эмес. Буга байланыштуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында маселелерди чечүү жолдорун жана алдыдагы иш-планын жарыялады.
Мээнетинин акталбай калганына, Өкмөттүн шарт түзбөгөнүнө нааразы болгон жүздөгөн дыйкан бар. Ал тургай талап коюп, митингге чыккан учурлары да болду. Буларды айткан Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков бүгүнкү күндө дыйкандарды тынчсызданткан, эң маанилүү делген 3 маселени атады. Алар: технология, каржы жана сатуу маселеси. Биринчиден, заманбап техника жана атайын жабдуулар өлкөдө жетишсиз, болсо да дыйкандарга толук жеткен эмес. Кийинки маселе, өндүрүштүк ресурстарга, ошондой эле каржылык жана башка кызматтарды колдонууга мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.
Министрдин айтымында, жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору азык-түлүк коопсуздугу, органикалык айыл чарба, кластерлердин өнүгүшү, санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирине көнүү болуп саналат.
Жаныбеков мындан тышкары Кыргызстан – органикалык өндүрүштүн борбору экенин баса белгиледи.
«Кыргызстандын айыл чарбасынын күчтүү, келечектүү аспекти — органикалык өндүрүш. Органикалык продукцияны өндүрүп, рынокко жеткиребиз. Айыл чарба өндүрүмүнүн сапаты — биздин атаандаштык артыкчылыгыбыз. Органикалык айыл чарба — жаратылыш ресурстарын аяр жана натыйжалуу пайдаланууга жол десек болот».
Кыргызстан айыл чарба бирикмесинин төрагасы Куттубек Асылбеков тез арада органикалык айыл чарбага өтүү зарылчылыгына токтолду. Анын айтымында, органикалык айыл чарба пайдалуу жана учурда керектүү нерсе. Анткени азыр жерге химиялык заттарды себе берип, түшүм алуу кыйла азайып кеткен, кээ бир аймактарда жокко эсе. Анын кесепетинен жашылча-жемиштер супсак, начар болуп калууда.
«Биз органикалык айыл чарбага тез арада сөзсүз өтүшүбүз керек. Бул айыл чарбаны элге жайылтып жетсе, анда жакшы болот. Себеби биз химиялык заттардан арылышыбыз керек. Селитраны себе берип жердин баары ар кандай химикатка толуп, түшүм бербей жатат. Анын кесепетинен помидор, картошка жана башка жемиштердин сапаты жок, супсак болуп калып жатат. Жер да арыктап, начарлап калды. Эгерде органикалык айыл чарбага өтүп, колдонуп баштасак, анда пайдалуу, арзан да болмок, жаратылыш, жер да оңолот эле. Ошон үчүн биз жаңы ыкмага өтүшүбүз керек, бул мезгилдин талабы жана бизде бардык шарттар бар», — деди Асылбеков.
Органикалык айыл чарба туруктуу өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Мындай пикирин «Кыргыз эт» ассоциациясынын президенти Бакытбек Мамытканов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө бардык ресурстар бар.
«Органикалык өндүрүштү өнүктүрүү — бүткүл экономикага мультипликативдик таасир берет. Мындайча айтканда, бул экотуризм, экомаданият дегенди билдирет. Ал социалдык мааниге ээ жана Кыргызстандын улуттук идеясы болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары органикалык айыл чарбага өтүү — климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине көнүү ыкмаларынын бири. Органикалык өндүрүш — айыл чарбасын өнүктүрүүнүн түпкү максаты жана ага өтүү мезгилинде биз айыл чарба тармагын жашылдандырабыз».
Бүгүн күндө калк өзүн өзү сүт азыгы, картошка жана жашылча менен толук камсыздай алат. Ал эми кумшекер менен камсыз кылуу үчүн 18 миң гектар жерге кызылча айдоо керек. Быйыл 12 миң гектар жерге айдалды.
Иш-чаранын жыйынтыгында министр быйыл мамлекет 70-75%га өзүн өзү камсыздоого өтөрүн, эки жыл аралыгында 100% камсыздоого жетүү аракети көрүлүп жатканын маалымдады.
Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялар: