Марал Радиосу

Айыл чарба министри Бакай Кашкарбаев тууралуу айтты (видео)

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков өзүнө коомдук кеңешчи болуп дайындалган активист Бакай Кашкарбаев тууралуу оюн билдирди.

Министр 27-апрелде Бишкекте өткөн брифингде Кашкарбаев мамлекеттик кызматкер эмес экенин жана ал бекер иштей турганын айтты.

«Бакырчаактарды эле ала бересиңерби?» деп жатпайсыңарбы. Менин принцибим мындай, сын айтасыңбы сунуш бер, сунуш бересиңби жаса, жасайсыңбы жооп бер. Биз Кыргызстандын ар бир жаранынын сунушуна, колдоосуна муктажбыз. Бакай Кашкарбаевдин элге жеткиргенге мүмкүнчүлүгү бар экен, эмне үчүн пайдаланбайлы. Бир сом акча төлөбөсөк, бөлмө бербесек. Биздин саясатты жер-жерлерге жеткирип, элдин көйгөйүн мага жеткириши керек», — дейт министр.

Активист Бакай Кашкарбаев 26-апрелде Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун кеңешчиси болуп дайындалган.

Ал социалдык тармактарда президенттен ыйлап, өзүн кеңешчи кылып дайындашын суранган видеосу тараган.

Ушул жылдын январь айынын ортосунда Башкы прокуратура Бакай Кашкарбаевге кылмыш ишин козгогон.