Марал Радиосу

Индиядагы апаат: Өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөөгө жетишпей калышууда (фотобаян)

Индиянын борбору Делиде ар бир 4 мүнөттө бирден адам каза таап жатканы айтылууда. Өлкөдө күн сайын миңдеген адам оорудан каза болуп жатат. Расмий маалыматтарга караганда, бул көрсөткүч 3 миңге жакын, бирок жергиликтүү тургундар көрсөткүч андан да көп экенин айтышууда.

Бешинчи күнү катары менен Индияда коронавирустук инфекция күнүмдүк оорусу рекорд койду — акыркы суткада 360 миңден ашуун жаңы учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери вируска кабылгандардын жалпы саны 17 миллиондон ашты.

Премьер-министр Нарендра Моди: «Өлкө жаңы толкундун очогунда калды», — деген билдирүү жасады. 

Өлкөдө крематорийлер толуп калгандыктан, каза тапкандардын сөөгүн көчөдө эле өрттөөгө туура келүүдө

Туугандары каза болгон жакыны менен коштошуу үчүн сааттап күтүүгө туура келүүдө

Индиянын көптөгөн шаарларындагы ооруканалардын айланасында коронавируска кабылган бейтаптардын узун кезеги түзүлгөн, ал эми медициналык жайларда бош орун калган эмес.

Ооруну жуктуруп алгандардын саны өскөндүктөн, ооруканаларда оор абалдагы бейтаптарга кычкылтекти жеткирүү маселеси жаралды

Госпиталдар мүмкүнчүлүгү калбай калганын айтып, коңгуроо кагып келишет. Бийлик жабыркагандар көп болгон аймактарга поезд менен газ баллондорун жөнөтүп жатышат. Кычкылтекти жеткирүүгө Индиянын аскер кызматкерлери да тартылган.

Өлкөдө күн сайын 2 миңден ашык өлүм катталууда

2021-жылдын башында Индия бийлиги пандемияны көзөмөлгө алдык деп ойлошкон, бирок февралдын ортолоруна келип, вирус жугузгандардын саны суткасына 11 миңден ашып баштаган соң, Индияда коронавируска каршы эмдөө башталган.

Апаатка өлкөдө өткөрүлгөн массалык майрамдар да кошумча болду, мисалы, миллиондогон адамды чогулткан диний бор менен сүртүнүү салты

Индия массалык эмдөө алуу боюнча биринчи орунга чыкты

Индия калкы вакцина алуу үчүн кезекте турат

Экинчи толкунга даярдыксыз кабылган бийлик сынга алынууда

Көптөгөн эксперттер: «Индия кезектеги толкунду эң көп 3 жумада жеңип чыгат», — деп болжолдошууда

Сөөк өрттөөчү жайлар күнү-түнү тынбай күйүп жатат
Крематорийге кезек. Уттар-Прадеш штаты, Газиабад шаары
Naveen Sharma / SOPA Images / LightRocket / Getty Images
Divyakant Solanki / EPA / Scanpix / LETA
Крематорий. Дрон аркылуу тартылган сүрөт
Danish Siddiqui / Reuters / Scanpix / LETA
Нью-Делидеги крематорий. 19 апрель
Amal KS / Hindustan Times / imago / Scanpix / LETA
Danish Siddiqui / Reuters / Scanpix / LETA
Amal KS / Hindustan Times / Scanpix / LETA
Adnan Abidi / Reuters / Scanpix / LETA