Марал Радиосу

Бишкек: Жол кирени көтөрүүнүн үч варианты сунушталды

Бишкек шаардык мэриясы жол кирени көтөрүүгө байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Анда жол кире акысын жогорулатуунун үч варианты сунушталат.

Биринчиси, баарын ошол бойдон калтыруу; экичиси, муниципалдык коомдук транспорттордо жол кирени 11 сом, жеке фирмалык ташуучулар классындагы автобустарда жол акынын баасын 15 сомго көтөрүү; үчүнчү вариант —  автобустар – 15 сом, троллейбустар – 11 сом, жеке транспорттук компаниялардын бардык класстагы автобустары – 19 сом.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, учурда күн сайын 1,5 миңдей маршруттук такси, 100гө чукул автобус жана 120дай троллейбус каттамга чыгат. Бул жашоочулары 1,5 миллионго чукулдап калган калаанын жүргүнчүлөрүн үзгүлтүксүз тейлөөгө жетишпейт.

Быйыл жыл башында маршруттук унаанын айдоочулары жол киренин тарифин көтөрүүнү талап кылып, иш таштоого чыккан.