Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 менен ооруп жаткандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош орду бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
26-апрель саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 9 ооруканада 193 орун бош.
- Улуттук хирургия борбору — 3;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 13;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 10;
- Улуттук госпиталь — 20;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 15;
- №6 шаардык клиникалык оорукана — 8;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 14;
- Чүй облустук оорукана — 10.
- Улуттук госпиталь. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү — 100.
Кыргызстанда 26-апрелге карата, бир суткада 199 кишиден вирус аныкталды, анын 138и Бишкек шаарында катталды.