Марал Радиосу

Бүгүн Ташиев Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн эли менен жолугат

Бүгүн, 25-апрель саат 12:00дө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын борбордук стадионунда эл менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош обусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында өзгөндүктөр стадионго чогула баштады.

Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын чашкасын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышып, мөөнөтсүз митинг баштап, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан.