Марал Радиосу

Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрд долларга жакындап калды

2021-жылдын 28-февралына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы+ички) 4 млрд 948 млн АКШ долларын түздү. Эгерде сом менен эсептегенде — 419 млрд 391 млн болот. Бул тууралуу Финансы жана экономика министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, — 85,1 % мамлекеттик тышкы карыз: 4 млрд 212,41 млн АКШ доллары (357 млрд 001,92 млн сом);

— 14,9 % мамлекеттик ички карыз: 736,16 млн АКШ доллары (62 389,36 млн сом).

Белгилей кетсек, быйыл тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдар 21 миллиард 602,2 миллион сомду түзөт.