Марал Радиосу

Бала бакча жана билим берүү мекемелери үчүн 50 миң долларлык конкурс жарыяланды

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундарда балдарды өнүктүрүү жаатында иштеген билим берүү мекемелери жана ишканалар үчүн конкурс жарыяланып, арыздарды кабыл алуу баштады.

Катышуучулар кесиптик бизнес-консультанттардын окутуу программасын бүтүрө алышат. Мындан тышкары, ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 миң долларга чейинки инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Бизнес акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Конкурска бала бакчалар, кошумча билим берүү мекемелери жана балдардын эрте өнүгүүсү үчүн билим берүү мекемелери катыша алат. Алардын кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы жана жылдык кирешеси 250 миң сом болушу керек.

Конкурстун шарттары:

Сынак жөнүндө толугураак маалымат үчүн: https://kg.accelerateprosperity.org/ecdsouth