Марал Радиосу

Динара Руслан өкмөттүн коомдук башталыштагы кеңешчиси болду

Динара Руслан премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Динара Руслан «CodifyLab Academy» программалоо жана дизайн академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп саналат.

Ошондой эле Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана тейлөө ассоциациясынын (КАРПОУ) башкармалыгынын төрагасы жана мүчөсү.