Марал Радиосу

Таласта менчикке берилген 16 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Талас облусунун Кара-Буура районунун прокуратурасы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Чолпонбай айылдык кеңешинин жооптуу адамдары 2005-жылы жер мыйзамдарын бузуп, аянты 16 гектар болгон жайытты жергиликтүү тургун А.Э.ге жеке менчикке берип коюшкан. Мыйзамга ылайык, жайыттар мамлекеттин гана менчигинде болот.

Райондук каттоо кызматы тарабынан жогоруда аталган кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугу жөнүндө тиешелүү акт түзүлгөн.

Бул факты боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу адамдарына жана аймактык каттоо кызматына карата Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, жерди мамлекетке кайтарып берди.