Марал Радиосу

24-апрелде күн ачык болот

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз +9…+14.

Бишкек шаарында 24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +18…+20.