Марал Радиосу

Жума, Айт намаздарын, ооз ачуу иш-чараларын убактылуу чектөө сунушталды

Бишкек шаарынын санитардык-эмидемиологиялык көзөмөл борбору коронавирус илдетинин көбөйгөндүгүнө байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салууну сунуштады.

Анын ичинде Жума намаз, Айт намаз, ооз ачуу иш-чаралары жана даават өткөрүүнү убактылуу чектөө жөнүндө айтылды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын санитардык-эмидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубаныч Кундашев «Маралга» тастыктады. Ал жалпы эле массалык иш-чараларга тыюу салуу сунушу берилгенин, аны Республикалык штаб карап, андан кийин чечим кабыл аларын билдирди.

Чектөө эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин алынат. Бишкек мэриясы бул боюнча маалымат бере элек.

Бишкек шаарында акыркы бир сутка ичинде 148 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу брифингде Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова кабарлады.

Башка аймактардан келгендер арасында илдет жуктуруп алган 14 адам каттоого алынды. Клиникалык симптомдору бар 134 адам, ал эми 14 адам симптомсуз кайрылышкан.

Бир суткада стационарларга 34 адам жаткырылып, 114 адам үй шартында дарыланууда.

COVID-19: Жети бейтап каза болду, 272 адам жаңы катталды