Марал Радиосу

COVID-19: Жети бейтап каза болду, 272 адам жаңы катталды

Кыргызстанда акыркы бир суткада 272 адам коронавирус менен катталды. Анын ичинде:

Бишкекте – 148;

Ош шаарында – 6;

Чүй облусунда – 86;

Ош облусунда – 4;

Талас облусунда – 2;

Ысык-Көл облусунда – 18;

Нарын облусунда – 3;

Жалал-Абад облусунда – 4;

Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 93 миң 278ге жетти.

Бир суткада COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3 бейтап каза болду. Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 573 адам болду.

Ошол эле бир суткада 163 адам коронавирустан айыкты. Оорудан сакайгандардын жалпы саны 87 миң 717 киши.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 4 миң 382ге жетти, бир суткада 2 кызматкер ооруп калды. Былтыр марттан бери 4 миң 297 медкызматкер илдеттен айыккан.

Учурда ооруканаларда 1 406 бейтап, үй шартында 1609 адам дарыланууда.

1004 бейтаптын абалы орто оордукта, 330 адамдын абалы оор жана 59 бейтап өтө оор абалда жатат.