Марал Радиосу

Түркияда үч күн толук комендаттык саат киргизилет

Түркия Ички иштер министрлиги «23-апрелге карата комендаттык саат киргизүү жөнүндө» буйрук чыгарды. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазды.

Бул буйрук 23-апрель — Түркиянын эгемендик күнүнө жана балдар күнүнө карата кабыл алынган. Ага ылайык, Түркия жарандарына 22-апрель саат 19:00дөн тартып, 26-апрель саат 5:00гө чейин үйдөн чыгууга болбойт.

Жарандарга саат 10:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта азык-түлүк алуу, дарыканага же ооруканага баруу үчүн гана сыртка бир маал чыгып келүүгө уруксат берилет.

23-апрель майрам күнү боло турган иш-чаралар атайын кабыл алынган протоколдун негизинде гана жүргүзүлөт. Тактап айтканда, жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жана Улуттук билим берүү министрлигинин Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюусунан башка бир да салтанат өтпөйт.