Марал Радиосу

Эмне үчүн Бишкек шаардык кеңешине келүүнү каалагандар көп?

БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова «Маралга» берген маегинде эмне себептен Бишкек шаардык кеңешине депутат болгусу келгендер көп болуп жатканына түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, шаардык кеңештин депутаттары мугалимдерден 3-5 эсе жогору айлык алышат.

«Тендер өткөрүүгө, муниципалдык кызматтарга тууган-туушкандарын коюуга, бизнесине жеңилдиктерди алууга кызыгышат. Баарын 100% жаман дегенден алысмын, жакшы иштегендери да бар», — дейт Абдрахматова.