Марал Радиосу

Навальныйды колдоо акциясында 1,5 миң адам кармалды

Кечээ, 21-апрелде Орусиянын бир топ шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акциясы өттү. «ОВД-инфо» берген маалыматка ылайык, өлкө боюнча 1631 адам кармалган.

Өлкөнүн ИИМи билдирген көрсөткүч боюнча, массалык нааразычылык Москвада орун алып, көчөгө 6 миңдей адам чыккан. Андан ары Санкт-Петербург (4,5 миң) жана Екатеринбург шаарларында (4 миң) да Навальныйдын тарапташтары топтолгон.

Нааразычылык учурунда эң көп адам Санкт-Петербургда (743) кармалган. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, бул шаарда полиция митингге чыккандарга электрошокер колдонуп, дубинкалар менен сабаган жана күч менен кармап кеткен.

18-апрелде саясатчынын саламаттыгы күндөн күнгө начарлап жатканы белгилеген. Навальныйдын колдоочулары 21-апрелде Орусиянын бир катар шаарларында ири митингге чыгышарын маалымдаган болчу.

Путин өзүнө мамлекеттин эсебинен хан сарай курган деп айткан Навальный Германиядан кайтып келгенден көп өтпөй аэропортто камакка алынып, кийинчерээк 2,5 жылга кесилген.

Андан кийин аны мекенчил оппозиционер катары көргөн коомдук демонстрациялар болду. Навальный бир нече жолу ачкачылык жарыялаган, анын туугандары жана адвокаттары аны камакта кыйналып, ден соолугу начарлап баратканын айтышкан.