Марал Радиосу

Жаңы тарифтик саясаттын долбоору августка чейин коомдук талкууга коюлат

Кыргызстанда электр жана жылуулукка орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоору иштелип чыга баштады.

Анын алкагында калк үчүн тарифтер төмөнкүдөй болот:

Жөлөк пул алган жакыр үй-бүлөлөр (Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин тизмесине ылайык) үчүн кВт саатына 0,74 сом каралат.

Ошондой эле 2022-жылдан тарта инфляциянын деңгээлине жараша тарифтерге өзгөртүү киргизилет.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, сунушталып жаткан жаңы тарифтик долбоор коомдук талкууга август айына чейин коюлат. Өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылга электр энергиясынын тартыштыгы 3 млрд кВт/саатка чейинки көлөмдө болорун кабарлайт.

Бул Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөн болгонуна байланыштуу жана электр энергиясын керектөө кескин өскөндүктөн тартыштык болору болжолдонууда.

Жапаров электр энергиясынын болжолдуу тарифин жарыялады