Биз менен байланышыңыз

2035-жылга чейин 4533 МВт кошумча кубаттуулук ишке киргизилет

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 554 | 0

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери менен тармакы реформалоо маселелерин талкуулады.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүнкү күндө электр энергиясын өндүрүү боюнча Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтерин калыбына келтирүү, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү боюнча долбоорлорду аягына чыгаруу боюнча маалымат берди.

Министрдин айтымында, «Жашыл миллиард» долбоору ишке ашып жатат, анын алкагында 7 келишимге кол коюлган.

«Биздин эсептөөлөр боюнча 2022-жылы кошумча кубаттуулук 13 мегаватты, 2023-жылы 146 мегаватты, 2024-жылы 281 мегаватты түзөт. Экинчи этапта Жогорку-Нарын ГЭСтер каскады, Кара-Кече ЖЭСи, Бишкек ЖЭБ-2 сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырабыз. Булар 2026-2030-жылдарга карата долбоорлор. 2030-2035-жылдары Камбар-Ата-1 ГЭСин пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Жалпысынан 2035-жылга чейин 4533 мегаватт кошумча кубаттуулукту ишке киргизүү мерчемделүүдө. Бул Кыргызстанды электр энергиясы менен толук камсыз кылат жана экспорттоого мүмкүндүк берет», — дейт министр.

Жапаров электр энергиясынын болжолдуу тарифин жарыялады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM