Биз менен байланышыңыз

Президент кумаркана ачууну колдогон депутаттарды коргоду

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 2018 | 0

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн аймагында кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбооруна пикирин билдирди.

Президенттин сайтындагы маалыматта Жапаров кумаркана ачуу тууралуу мыйзамга каршы чыккан депутаттар долбоорду колдогондорго карата «кара пиар» жасап жатышат, деп жазылды.

«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы «кара пиар» жасап жатышат», — деп айтылат Жапаровдун билдирүүсүндө.

Жогорку Кеңеш 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында туристтер үчүн гана кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоору добуш берүүгө «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» деген аталыш менен киргизилген.

Добуш берүү эл өкүлдөрү арасында талкуу жаратты.

Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген. Ал өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

«Буга чейин кумар оюндарына тыюу салынган. Андан улам бюджет 600 миллион сомдон ашык жоготууга учурады, жалпы 11 миң жумуш орун азайган. Биз сунуштап жаткан мыйзам боюнча көңүл ачуучу комплекс чет элдик жарандар үчүн гана иштейт. Комплекстин аймагы тосулуп, ал жабык аймак болот», — деди депутат Турусбеков.

Зулпукаров кумаркана ачууну колдогон кесиптештерин сындады

Copyright © 2017 Maral FM