Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Уу коргошунду 400 киши өз ыктыяры менен колдонуптур

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 523 | 0

Башкы прокурор Курманкул Зулушев уу коргошунду өз ыктыяры менен 400 киши ичкени тууралуу маалыматтар бар экенин айтты.

Ал 21-апрелде парламенттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, учурда милиция тарабынан тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Министрге кайрылуу менен эле кылмыш ишин козгобой, кесепеттерине жараша баа берүү керек. Бул боюнча биз министрлик менен текшерүү, сурамжылоо ишин баштадык. Мыйзамдуулугуна карата ишти Ички иштер министрлиги карап жатат. Бизге онлайн бир арыз келип түшкөн, аны министрликке жибердик. Биз алган маалыматтар боюнча уу коргошунду 400 жаран өз макулдугу менен колдонуптур, эч биринен уулануу белгилери катталбаптыр».

Депутат Эмил Токтошев: «Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунга байланыштуу жазылган арыздын негизинде жопкерчиликке тартылабы?» деп сурады.

Бүгүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги уу коргошунга уулангандардын абалы туруктуу экенин кабарлады.

20-апрелде Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө уу коргошунга ууланган деген шек менен жубайлар 1950-жылы туулган О.К. жана 1955-жылы туулган С.Т. оор абалда келген.

Бейтаптар дары катары тундурманы узак убакыттан бери колдонуп келишкенин жана кечээ анын дозасын көбөйтүшкөнүн айтышкан. Тиешелүү дарылоодон кийин алардын жүрөк-кан тамырларынын иштеши калыбына келип, абалы турукташкан, учурда дарыланып жатышат.

Ошол эле күнү «Таз жардам» кызматы менен Кардиология жана терапия улуттук борборуна 1958-жылы туулган А.Д. аттуу жаран оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала «белгисиз затка ууланган» деген диагноз коюлган.

Бейтапты дарылоодон кийин жүрөктүн согушу жана дем алуу калыбына келген. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда ууланууну аныктоо максатында лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүрүп жатат.

16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы (чөптүн кайнатмасы) уу коргошун тууралуу маалымат жыйынында айткан. Министр уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM