Биз менен байланышыңыз

Жапаров электр энергиясынын болжолдуу тарифин жарыялады

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 2781 | 1

Президент Садыр Жапаров энергетиктерге 700 КВт сааттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди. Бул маалымат Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда айтылгандай, 2022-жыл «Энергетика жылы» деп жарыяланып, атайын иш-чаралардын тартиби белгиленет.

Электр энергиясынын тарифи турмушу начар, жакыр үй-бүлөлөргө 74 тыйындан болуп, чектөөнү алып салуу каралып жатат.

Учурда 110 миң жакыр үй-бүлө бар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен энергетиктер биргелешип тактап чыгышса, бул тизме дагы көбөйүшү мүмкүн экени жазылат.

Тоолуу жана шарты катаал райондорго 1 сом 04 тыйындан берилип, чектөө толук алып салынат. Ал эми, жашоо-турмушу жакшы үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат.

«Чектөө алынат. Бирок суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул — бүгүнкү күндөгү электр энергиянын өздүк наркы. Сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз», — дейт Жапаров.

Энергетика тармагы жалпысынан 129 млрд сомдук насыя алган. Анын ичинде сырткы карыздар жана мамлекеттен алынган бюджеттик ссудалар бар. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирген.

1 пикир

1 пикир

  1. ММ

    21.04.2021 16:09

    Суу толсоо чектөөнү албайсынар. Мурун деле импорт бүтсө 2.16 сомду алып салабыз деп убаданарды бергенсиңер.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM