Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Уу коргошунга ууланган үч бейтаптын абалы туруктуу

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 658 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы уу коргошунга уулангандардын абалы туруктуу экенин кабарлады.

20-апрелде Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө уу коргошунга ууланган деген шек менен жубайлар 1950-жылы туулган О.К. жана 1955-жылы туулган С.Т. оор абалда келген.

Бейтаптар дары катары тундурманы узак убакыттан бери колдонуп келишкенин жана кечээ анын дозасын көбөйтүшкөнүн айтышкан. Тиешелүү дарылоодон кийин алардын жүрөк-кан тамырларынын иштеши калыбына келип, абалы турукташкан, учурда дарыланып жатышат.

Ошол эле күнү «Таз жардам» кызматы менен Кардиология жана терапия улуттук борборуна 1958-жылы туулган А.Д. аттуу жаран оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала «белгисиз затка ууланган» деген диагноз коюлган.

Бейтапты дарылоодон кийин жүрөктүн согушу жана дем алуу калыбына келген. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда ууланууну аныктоо максатында лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүрүп жатат.

16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы (чөптүн кайнатмасы) уу коргошун тууралуу маалымат жыйынында айткан. Министр уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM