Биз менен байланышыңыз

Зулпукаров кумаркана ачууну колдогон кесиптештерин сындады

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 1635 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров парламенттин 21-апрелдеги жыйынында кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон депутаттарды сындады.

Ал азыр ыйык Рамазан айы экенин эске салып, бул мыйзамга добуш берүү VI чакырылыштын депутаттары үчүн эң жаман көрсөткүч болорун эскертти.

«Биринчиден, аппараттын күнөөсү бар. Себеби мыйзам долбоору 8-апрелде талкуулангандан кийин ошол күнү регламент бузулуп, добуш берүү саатында долбоор добуш берүүгө кирбей калган. Ошондуктан үч жума өткөрүп, ушул күнгө алып келген жолубузду оңдоп койсок болот. Добуш берүү — ар бириңиздердин укугуңуздар. Азыркы добуш берүү VI чакырылыштын эң жаман көрсөткүчү болуп калат. Эртең элдин арасына барып, жүзүбүздү көрсөтө билели. Ошондуктан бул мыйзамды кайра добушка коюп коюңуз», — деди депутат.

Эл өкүлү Айбек Осмонов кумаркана ачуу тууралуу мыйзамга каршы добуш берүүнү каалаган. Бирок «макул» дегенди басып алганын айтты. Ушундай эле өтүнүч менен депутаттар Нурбек Тотонов, Аккулу Бердиев чыкты.

Бүгүн парламент Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Долбоорго 91 депутаттын 68и макул, 23ү каршы добуш берди.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов мыйзам долбооруна кайрадан добуш берүүнү сунуштады, бирок бул сунуш колдоо тапкан жок. Ошентип, Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Момбеков: Кумаркана ачуу боюнча мыйзам күч менен кабыл алынды

Copyright © 2017 Maral FM