Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Кумаркана ачуу боюнча мыйзам күч менен кабыл алынды

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 1665 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кумарканаларды ачуу мыйзам күч менен кабыл алынганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Ыйык Рамазан айында ушул мыйзамды кабыл албасак болот эле. Эки гана жол бар эле. Ак үйдүн алкышын ала тургандар арбын болдубу же калың элдин каргышын ала тургандар калың болдубу, элибиз өзү электен өткөрүп алсын эми», — деп жазды Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Долбоорго 91 депутаттын 68и макул, 23ү каршы добуш берди.

Мыйзам долбооруна добуш берген депутаттардын тизмеси:

Мыйзам долбоору 6-апрелде Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде жактырылган.

Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген. Ал өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM