Биз менен байланышыңыз

Чет элдиктер үчүн кумаркана ачууну 68 депутат биринчи окууда колдоду

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 857 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Долбоорго 91 депутаттын 68и макул, 23ү каршы добуш берди.

Мыйзам долбоору 6-апрелде Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте жактырылган.

Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген. Ал өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

«Буга чейин кумар оюндарына тыюу салынган. Андан улам бюджет 600 миллион сомдон ашык жоготууга учурады, жалпы 11 миң жумуш орун азайган. Биз сунуштап жаткан мыйзам боюнча көңүл ачуучу комплекс чет элдик жарандар үчүн гана иштейт. Комплекстин аймагы тосулуп, ал жабык аймак болот», — деди депутат Турусбеков.

Copyright © 2017 Maral FM