Биз менен байланышыңыз

Жапаров Чыңгыз Айтматовдун жакындарына көңүл айтты

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 284 | 0

Президент Садыр Жапаров улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

«Мария Айтматованын дүйнөдөн кайтканы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары, ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», — дейт Садыр Жапаров.

Бүгүн, 21-апрелде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу иш-чарасы Айтматовдун үй музейинде өтүүдө.

Айтматованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан улам көз жумду. Ал  1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM