Биз менен байланышыңыз

УКМК: Пара талап кылуу боюнча милиция кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 473 | 1

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкектин Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү «А.К.» кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Тергөөчү «А.К.» Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБ кызматкери «Д.Б» менен өз кызыкчылыктары үчүн «М.у.Т.» аттуу жаранга сотко чейинки иш бар деп кысым көрсөтүшкөн.

Бирок кызматкерлер сотко чейинки ишти токтотуу маселесин чече алышпагандыктан, опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн жаранга 1500 доллар кайтарып берүүгө аргасыз болушкан.

Калган 500 долларды кайтарып берүү учурунда, Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү «Д.Б» кармалган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү («Опузалап пара алуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Нуржан

    14.04.2023 15:38

    Потсп эле жаш балдарды кармап жатышат,эшектер, ушул орозо айында ушундайга кантип барып жатасыңар

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM